Париж-2024: Өлкөнүн 1482 мечитинде кыргыз спортчулары үчүн дуба кылынды

Бүгүн, 2-августта Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров Франциянын борбор шаары Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргоп жаткан кыргызстандык спортчулар үчүн дуба кылды. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.

«Эгемендүү мамлекетибиздин намысын коргоп, туусун көтөрүү үчүн олимпиадага аттанган спортчуларыбызга ак бата берип, дайыма дуба кылып турабыз. Алла Таалам уул-кыздарыбызга күч-кубат берсин. Албетте, Олимпиадага катышуунун өзү жетишкендик. Жаратканым балбандарыбызга ийгилик ыроолоп, өлкөбүздүн туусун бийиктерде желбиретишти насип кылсын», – деп билдирген ал.

Маалыматта өлкө аймагындагы 1482 жума мечиттинде спортчулар үчүн дуба кылынарын, бул боюнча тапшырма берилгени кошумчаланган.

Айта кетсек, Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу аттанып кеткен. Алардын экөө өлкөгө кайтып келди. Азырынча өлкөнүн капчыгында жеңиш медалы жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан