Тоң районунда мас абалында жарандарды курал менен коркуткан адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-июлда Тоңдун Тогуз-Булак айылында жергиликтүү тургун мас абалында Ауди 100 үлгүсүндөгү автоунааны башкарып, мыйзамсыз ок атуучу курал менен жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирген аракеттерди жасап, адамдарды бутага алган.
Тоң РИИБинин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шектүү, Тоң районунун 1985-жылы туулган тургуну Б.У. кармалган. Кармоо Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда болгон. Унааны текшерүү учурунда бир даана сайсыз ок атуучу курал ок-дарылары менен табылып, далил зат катары алынган. Алынган далил заттар тиешелүү уруксат документтери жок болгондуктан мыйзамсыз болуп чыккан.
Медициналык экспертиза кармалган жарандын алкоголдук ичимдик ичкенин тастыктаган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.