Министр Таалайбек Ибраев электр энергиясын колдонуу рекорд жаратканын айтты

Өлкөдө жай айында колдонулган электр энергиясынын көрсөткүчү рекорд жаратты. Бул тууралуу бүгүн, 2-августа энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, суткалык керектөө саатына 40 миллион киловаттан ашкан.

"Бизде мындай нерсе эч качан болгон эмес. Жайында дайыма 32-35 миллион болчу. Электр энергиясын колдон келишинче үнөмдөөгө чакырам. Канчалык көп колдонсок, ошончолук көп суу сарпталууда. Ал бизге кышында керек болот. Үнөмдөбөсөк, кышында көйгөй жаралат", - деди ал.

Министр электр энергиясына болгон керектөөнүн өскөнүн кондиционерлерге байланыштырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан