Транспорт министрлигинин кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен “Жаңы-Арык” транспорттук көзөмөл бекетинин башкы инспектору О.Н. кармалды.

Ал "айдоочуларга айып төлөөдөн качууга көмөк көрсөткөндүгүн жашыруу жана кылмыш иш козгоодон баш тарттыруу үчүн УКМК кызматкерине 200 миң сом пара сунуштаган" деп шектелип жатат.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголду.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

02.08.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан