Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 6,5 гектар жер мамлекеттин менчигине өттү.
"Тактап айтканда, «Мата» ачык акционердик коомунун 4,5 гектар жери жана «Хлопковая корпорация Лиматекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун 2 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жер тилкелеринин жалпы сметалык баасы 250 миллион сомдон ашат", - деп айтылат маалыматта.
Учурда башка мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин аныктоо жана кайтаруу иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.