Бишкекте жарандын 30 миң долларын алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Биринчи май РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 16-июнда милиция Э.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 6-апрель күнү Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинен А. аттуу жаран батир сатуу шылтоосу менен ишенимине кирип, 30 миң долларын алган боюнча из жашырып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2000-жылы туулган К.у.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция учурда кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги текшерилип жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан