
Бүгүн, 3-августта Парижде өткөн Олимпиада оюндарында суучул
Елизавета Печерских жана боксчу
Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, бүгүн саат 15:00дө Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат.
Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу саат 00:00дө 57 килограмм салмакта
Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен күч сынашат. Ал буга чейин биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, кубалык
Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип чейрек финалга
чыккан.