Бишкектин Сүйөркулов көчөсүндө мушташып кеткен жарандардын бири кармалды. Бул тууралуу калаанын Октябрь РИИБи билдирди.
Белгилей кетсек, социалдык тармакка жеңил унаа жана мепод минип бараткан жарандар уруша кеткени боюнча видео тараган болчу. Аталган факты милиция тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Натыйжада Сүйөркулов көчөсүндө жол эрежесин бузууга шектүү 2000-жылы туулган Н.В., аттуу жаран Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча кармалган.