Нарбото Анарбаевдин фильми Канн кинофестивалынын “Эң мыкты дебют” номинациясын алды

Кинорежиссёр Нарбото Анарбаевдин “The desperate end” фильми Канн эл аралык кинофестивалынын “Эң мыкты дебют” номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы, жазуучу Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Нарбото Анарбаевдин ысмы көпчүлүккө тааныш эмес. Бу жигит кинорежиссёр. Фильмографиясына баксак, бирин-экин гана фильмдерин көрөбүз. “Эфир” аттуу көп сериялуу фильм тарткан экен. Аны да ара-чоло көргөнүм бар. Бу фильм соцтүйүндөрүнүн кыргыз сегментинде бир топ кызыгуу, резонанс жаратыптыр. Бул өтө “скромный” жигиттин “The desperate end” (кыргызчасы “Моюнга алуу” десек туура болчудай) атактуу Канн эл аралык кинофестивалынын “Эң мыкты дебют” номинациясын жеңип алып, айрым кино сүйүүчүлөрдү “шок абалда” калтырды.
Фильмдин сценарийин голливуддук продюсер Робин А Таундсенд жазган. Нарбото бу тапта Голливудда жашайт, чыгармачылыгы ошол жакта өтүп жатат" деп жазган ал.
Раев Борбор Азия киночуларынын ичинен бир гана казак режиссёру Абдулла Карсакбаев 1966-жылы “Менин атым Кожо” аталышындагы фильм үчүн Канн эл аралык кинофестивалынын сыйлыгын алганын кошумчалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан