Тарых! Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасында жарым финалга чыкты (видео)

Кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.

Олимпиадага бокс боюнча 57 килограммга чейинки салмакта катышкан кыргыз мушкери алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштаган. Анда кубалык Орта Родригез менен беттешип, 3:2 эсебинде атаандашын жеңип, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда кыргыз мушкери 2021-жылы Дүйнө чемпиону болгон америкалык Жамал Харви менен беттешип, аны дагы 3:2 эсебинде жеңди.

Муну менен Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты. Жарым финалда ал болгариялык Хавьеи Ибанез Диас менен беттешет. Бул беттеш 8-август күнү өтөт.

Кыргызстандын тарыхында буга чейин эч ким бокс боюнча Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыга элек. Мунарбек Сейитбек уулу муну менен тарых жаратты. Ошондой эле бул көрсөткүч жок эле дегенде коло медаль бар дегенди түшүндүрөт.

04.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан