Париж-2024: Эртең эки кыргыз балбаны мелдешке катышат

Эртең, 5-августта Парижде өткөн Олимпиада оюндарында кыргыз балбандары Жоламан Шаршенбеков жана Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, эртең Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм, Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмак категориясында мелдешет. Беттеш 19:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарынын алкагында спорттук күрөш (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча мелдештер 5-11-август күндөрү өтөт. Анда Кыргызстандын атынан жалпы 10 балбан өлкө намысын коргойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан