
Дене тарбия жана спорт департаменти боксчу
Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруу
Беганас Султанбаевдин Парижге барбай калганынын себебин түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда мушкердин жеке машыктыруучусу Парижге барбай калганы талкуу болгон.
"Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми тренерлерди аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы тренер аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы тренерге уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке тренер гана эмес, улук тренер дагы Парижге бара алган жок", - деп билдиришти департаменттен.
Буга чейин социалдык тармакта мушкердин жеке машыктыруучусу
Беганас Султанбаевдин таймаш майданында Мунарбек Сейитбек уулун сүрөп, колдогон видеосу
тараган.