ӨКМ скутер, кайык менен сууда жүрүүдөгү эрежелерди эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги скутер, кайык, катамаран жана моторлуу кайыктар менен сууда жүрүүдө эрежелерди эскертти.
Алар:
  • моторлуу кайыктарга түшүүдө аны башкарууну жана коопсуздук эрежелерин билүү;
  • айдоочу жана жүргүнчү коргонуу чыптама күйүүсү керек;
  • күйүүчү майы жана башка керектүү жабдууларынын камсыздалышын текшерүү зарыл;
  • айланасында сууда жүргөн адамдар болсо жай жана кылдаттык менен өтүү сунушталат;
  • көрсөтүлгөн айдоо ылдамдыгынан ашпоого тийиш;
  • кайыкка түшүп жаткан адам бел курларын бекемдеп тагынууга жана өзүнүн коопсуз экенине ынанышы керек;
  • көлөмү тар сууларда скутерди айдоого болбойт;
  • Навигация эрежелерин байкап туруу эскертилет;
  • шамал болуп жатканда айдоо өтө кооптуу жана жүргүнчүлөрдү салууга тыюу салынат;
  • ичимдик ичкен абалда түшүүгө болбойт;
  • алдынан теплоход же башка чоң көлөмдүү кайыктарга жол бошотууга тийиш;
  • сууда жүргөн адамдарды же кайыктарды алыстан баам салып, толкундуу сууну чачыратпоого жана сүзүп алуудан сак болуу;
  • чылым чегүүгө тыюу салынат;
  • Көлдүн кооптуу аймактарына жакын барбоо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан