Париж-2024: Жоламан менен Мээримдин атаандаштары белгилүү болду

Париж Олимпиадасына катышып жаткан кыргыз балбандары Жоламан Шаршенбековдун жана Мээрим Жуманазарованын алгачкы атаандаштары белгилүү болду.

Анда Шаршенбеков 1/8 финалда казак балбаны Айдос Султангали менен беттешет. Алар 60 килограмм салмак деңгээлинде күч сынашат. Ал эми 68 килограмм салмак категориясында Мээрим Жуманазарова монголиялык балбан Делгермаа Энхсайхан менен кез келет.

Мелдештер эртең, 5-августта саат 19:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарынын алкагында спорттук күрөш (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча мелдештер 5-11-август күндөрү өтөт. Анда Кыргызстандын атынан жалпы 10 балбан өлкө намысын коргойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан