Бакытбек Касымкулов Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ал бул кызматка 1-августта атайын жүргүзүлгөн сынактын жыйынтыгында келген.
Бакытбек Касымкулов 1983-жылы Талас шаарында төрөлгөн.
2007-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктап, сот системасында иштеген.
Аталган борбордун мурдагы жетекчиси Бакытбек Рысбеков мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматын өткөн айда тапшырган.