Орусияда кыргыз жаранын унаа сүзүп кетип каза болду

Орусиянын Ленинград облусунда жол кырсыгынан бир кыргыз жараны каза болуп, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-августта саат 21:00дө Бугра шаарында жол кырсыгы катталган.

"Айдоочу рулду башкара албай калгандыктан, белгиленген жерден жолдон өтүп бара жаткан эки кыргыз жаранын Субару Форестер унаасы сүзүп кеткен. Аталган жол кырсыгы боюнча Всеволожный райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду", - деп билдиришти министрликтен.

Кырсыктын кесепетинен С.А. аттуу кыргыз жаранынын каза болгондугу, экинчи жабыркаган З.Б. райондук ооруканалардын биринде экендиги айтылды. Анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Ошондой эле Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандарына керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жаткандыгы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан