Боом капчыгайында бейбаштыкка жол берген унаанын айдоочусуна айып салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.
Маалым болгондой, социалдык тармактарда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын терезесинен башын чыгарып, ээн баштык жасаган жүргүнчү тартылган видео тараган.
Бул факты боюнча Ысык-Көл ЖКККБсы көлүктүн айдоочусун издеп таап, 15 миң сом айып салып, унаасын айып короого токтотушту.