Бишкекте агрессивдүү аял өспүрүмдү сабап салды (видео)

Бишкекте көп кабаттуу турак жайлардын биринин короосунда аял киши өспүрүмгө кол салды. Мындай маалыматты бүгүн, 5-августта Октябрь РИИБинен тастыктады.

Билдиргендей, милицияга окуя 1-август күнү Бишкектин 7-кичи районунда болгону маалым болгон. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ошол күнү окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери өзүн агрессивдүү алып жүргөн 33 жаштагы аялды тергөө кызматына жеткиришкен.

Ага карата Укук бузуу жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) жана 128-беренесинин (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) негизинде протокол түзүлгөн.

"13 жаштагы жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү юридикалык баа берилет", - деп айтылат маалыматта.

05.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан