Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Бишкектин чок ортосундагы бөлүгү толугу менен ачылды 

Кечээ, 4-августтан тарта Байтик баатыр/Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Байтик баатыр\Ж. Абдрахманов А. Токомбаевден тартып Жибек-Жолу проспектисине чейин калыбына келтирилди.

"Капиталдык оңдоонун алкагында жол четиндеги бордюрлар алмашылды, асфальт катмары жаңыртылды. 1-катмарына 6 сантиметр, 2-катмарына 5 сантиметр болгон таш мастик афсальт басылды.

Жол боюндагы электр мамыларындагы коммуникациялык зымдарды жер асты менен алып өтүү боюнча жумуштар уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр\Ж. Абдрахманов көчөсүндө капиталдык оңдоо 26-майда башталып, коюлган графиктен бир ай эрте аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан