УКМК Бишкектеги "Старый толчок" базары боюнча билдирүү жасады

УКМК коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн алкагында “Старый Толчок” – “Евразия” базарынын мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады. Бул тууралуу атаыйн кызмат бүгүн, 5-августта кабарлады.

Тактап айтканда, Айыл жана суу чарба министрлигинин балансында турган жалпы аянты 2,2 гектар жер "Шар-Чебер" жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткен. Белгилей кетсек, «Шар-Чебер» жеке кооперативи Айыл жана суу чарба министрлигинин айрым кызматкерлери менен бирдикте болгон.

"Иликтөө иштеринин натыйжасында «Евразия» базарынын («Эл Гранд» ЖЧКсы) жалпы аянты 1,14 гектар жер тилкеси жана жалпы аянты 3000 м2 дан ашык соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылды. УКМК жерлерди, имараттарды жана курулуштарды жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирүүнүн ушул сыяктуу фактыларын аныктоону, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан