Бишкекте батир тоноого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-июлда милицияга Н.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Арча-Бешик конушундагы үйүнөн 2 алтын шакек жана 3 автоунаанын отургучтары, жалпы баасы 50 миң сомду түзгөн буюмдары уурдалганын айткан.
Ыкчам издөө иш-чараларын жүрүшүндө шектүү катары 1997-жылы туулган А.К. жана 1994-жылы туулган И.Н. кармалышкан.
Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, кармалгандар №1 тергөө абагына бир айга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.