Бүгүн, 5-августта Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында, ошондой эле бузуулуларды жоюуга байланыштуу айрым даректерде ысык суу берүү убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өчүрүү төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:
- Карасаев көчөсү, 82а, 84;
Б.Баатыр көчөсү 35,37,39,41,41а,49; №14 мектеп;
- жеке сектор: Карасаев 52, 86, 94, 94а; Береговой тилкеси 11; Гвардейский тилкеси 19, 21, 23, 25; Кошев тилкеси 3, 16, 17, 18, 20, 20a, 21, 22, 23, 25, 26, 27.
Белгилей кетсек, оңдоо иштери саат 19:00гө чейин бүткөрүлөт.