Чүй районунун Кегети айыл аймагына тиешелүү Кегети капчыгайында деңиз деңгээлинен 2725 метр бийиктиктеги Көл-Төр көлүнүн деңгээлин азайтыш үчүн куткаруучулар 2 күн катары менен сифон ыкмасында 150-диаметр гофро түтүктөрүн 3 катар орнотушту. Бул туурасында бүгүн, 5- август ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, куткаруучулар 130 метрлик суу түтүгүнөн экини орнотушуп, көл суусун азайтууда өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөттү.
"Мөңгүнүн ээрүүсүнөн жана жаанчыл болгондуктан, Көл-Төрдүн суусу көбөйүп, табигый дамбасынан ашып ага баштаган. Бирок, дамба эрозияга учураган эмес жана кооптуулугу байкалган жок.
Мындагы абалды коопсуздандыруу, көзөмөлдөө жана сифон ыкмасында суу түтүгүн орнотуу үчүн 3-августта куткаруучулар Кегетиге чыгышкан. Бул күнү алар 138 метр түтүк орнотушкан.
Ал эми көлдүн абалын текшерүүгө, изилдөөгө Өзгөчө кырдаалдарга божомолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинен 2 кызматкер, коопсуздандыруу иштерине 24 куткаруучу жеринде иштешти", - деп айтылат маалыматта.