Кыргызстанда курулуш тармагында иштеген 500гө жакын компаниянын лицензиясы алынат. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, 2001-жылдан бери өлкөдө 7 миңдей ишканага лицензия берилген. Анын ичинен азыркы тапта 2 миңи гана активдүү иштеп жатат.
"500гө жакын компания жөн эле иштебей турат, комиссия алардын лицензиясын алуу жөнүндө чечим чыгарды.
Азыр курулуш тармагында иштөө үчүн лицензия алуу жөнөкөйлөштүрүлгөн, ортомчулардан аны кымбат сатып албоого чакырам", - деди Орунтаев.