Өлкөдө жарым жылда 3 сайт убактылуу жабылды

Быйылкы жарым жылдыкта жалган маалымат таратты деген негизде 3 сайт жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августа маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 6 айдын жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтмында, "Анык эмес, жалган маалыматтан коргоо" мыйзамынын алкагында 9 арыз каралып, www.tribunakg.kg, www.tribunaplus.kg, elpenasa.com сайттарынын ишмердүүлүгүн эки айга бөгөттөө чечими кабыл алынган.

"1 арыз боюнча министрлик тарабынан сайттын ээсинен анык эмес маалыматты алып салуу боюнча чечим чыккан. Сайттын ээси сотко чейинки даттануу укугун колдонуп, министрликке кайрылган. Даттануу министрликтин комиссиясында каралып, кароонун журүшүндө тараптар тынчтык келишимине кол коюшкан. Буга байланыштуу арыздануучу арызын чакыртып алган. 2 арыз болсо кароосуз калтырылган жана толуктап иштеп чыгуусу сунушталган. Министрлик 1 арызды кароодон баш тарткан", - деди ал.

Ошондой эле Чыңгыз Эсенгул уулу 2 кайрылуу социалдык тармактар боюнча болгонун, министрлик социалдык тармактар менен болгон келишими жок болгондуктан жалган маалыматтарды өчүрүү мүмкүн эместиги тууралуу арыз ээлерине кат жөнөткөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан