Мамлекеттик курулуш башкармалыгы Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан мыйзамсыз курулуштар алына тургандыгын билдирди. Бул туурасында бүгүн, 5-августта мекеменин башчысы Нурдан Орунтаев маалымат жыйынында белгиледи.
Анын айтымында жаз айларынан башталган текшерүү иштеринде бир нече объекттилер алынган.
"Көл жээгине 100 метр калган жерлерде эч бир курулуш иштери болбош керек. Чоң же кичине курулушка карабай баары алынат. Кызматкерлер жөө жүрүп текшерүүдө. Мындан тышкары дрон да колдонулуп жатат", - деди Орунтаев.
Белгилей кетсек, 2022-жылдагы президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койгон, анда Ысык-Көлдүн булганышы айылдардын коммуналдык инфратүзүмүнө көз каранды экендигин белгилеген.