VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кайра Кыргызстан өткөрмөй болду

Кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кийинки оюндарды бизде өткөрүү боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөр болгон.

"Апрель айында биздин министр Казакстандын спорт жана туризм министри менен жолугушкан. Ошондой эле Олимпиаданын алкагында министрдин орун басары жана спорт департаменттинин директору Айбек Абдымомунов Казакстандын спорт жана туризм министри менен жолугуп, анда кийинки оюндарды Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча сүйлөштү", - деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары 8-августта Кыргызстандын маданият министри Алтынбек Максүтов Казакстандын маданият жана маалымат министри менен кезектеги көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Кыргызстанга өткөрүү боюнча жолугушарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстан ДКОнун демилгечиси болуп саналат. Оюндар алгач үч ирет, тагыраагы 2014-16-18-жылдары Чолпон-Атада өткөн. Ал эми төртүнчүсү Түркияда өткөрүлгөн болчу. Жакында сентябрь айында бешинчиси Казакстанда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан