Ысык-Көлдө мурда 6 жолу соттолгон 35 жаштагы чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Бостери айылында жайгашкан "Золотые пески" пансионатынан колго түшкөн. Ал Орусияда, Өзбекстанда жана Кыргызстанда "уурулук", "мал уурулук", "опузалап талап кылуу" жана "өлтүрүүгө аракет кылуу" беренелери боюнча сот жообуна тартылган.
"Шектүүнүн Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында мурда жасалган кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталды. Ал "мыйзамдагы уурулардын" идеологиясын карманат", - деп айтылат маалыматта.
Милиция учурда кармалган адам тарабынан жасалган башка кылмыштардын бетин ачуу боюнча кошумча иштер жүрүп жатканын билдирди.