Ош шаарындага кеңейтилген көчөлөр пайдаланууга берилет

Ош шаарындагы Раимбеков көчөсүнөн Бабараимов көчөсүнө чейинки Ош көчөсүн кеңейтүү иштери аяктоо алдында турат. Бул жердеги ирригациялык тутумдар толук алмаштырылып, тротуары жасалды. Учурда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул туурасында бүгүн, 5- августта мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, аталган тилкенин узундугу 420 метрди түзөт, ал эми оңдоп-түзөөдөн кийин көчөнүн туурасы 10-12 метрге жетет. Жалпысынан көчө эки эсеге кеңейтилген.

Ал эми №177 көчөдөгү узундугу 2,3 чакырым, туурасы 13 метр болгон жолго жаңыдан асфальт төшөлүп бүттү. Учурда долбоорго ылайык, электр мамычаларын орнотуу, тротуарды куруу, ирригациялык лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан