Чолпон-Атадагы "Сьюзи Вонг" түнкү клубунда баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-августта атайын кызмат тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун имаратында жайгашкан "Сьюзи Вонг" түнкү клубунда 4 даана гашиш баңгизаты табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча аталган баңги каражаты оюн-зоок мекемесине келгендерге таандык.
Мындан тышкары түнкү клубдун ээлери тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталып, бул тууралуу тиешелүү акт түзүлдү.
Учурда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан облус аймагындагы оюн-зоок жайларында эс алып жаткан жаштар арасында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.