Бишкекте 4-класстын окуучусу жол кырсыгына кабылды

25-декабрда 16:30дар чамасында 34 жаштагы А.Акылбек башкарып бара жаткан Субару Форестер унаасы Некрасов көчөсүнөн, №57-мектептин жанынан бир окуучуну сүзүп кеткен.  Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 4-класстын окуучусу Р.Азанбектин баш мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген.

Учурда автоунаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, топтолгон материалдар Бишкек ШИИБине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
netsa
2013-12-26 14:26:19
биз кичине кезибизде машина келе жатса жолдун четине каччу элек,азыркы жаштарда коркуу сезим жок окшойт.Кыз,эркеги бирдей сигнал басса да тоотушпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан