Ошто унааны мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды

Ош облусунда унааны мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Каратай айылында Т.З. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Shacman үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын идентификациялык номуру (VIN) менен автотранспорт каражатынын каттоо күбөлүгүндө көрсөтүлгөн номердин ортосунда дал келбестик бар экендиги аныкталган.

Иштин бардык жагдайлары такталганга чейин унаа убактылуу бажы көзөмөл аймагына киргизилди.

Чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан