Нарында губернатордун мурдагы орун басары кармалды. Ал Ат-Башыдагы коктуну ээлеп алган (фото)

Нарын облусунда губернатордун орун басары болуп иштеп кеткен жаран Чар токой чарбасын мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталып, кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Тактап айтканда, A.И.A. аттуу жаран 2005-2007-жылдары Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп иштеп туруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Чар токой чарбасынан 160,9 гектар жерди бекер пайдаланууга алганы аныкталган.

"Ал 2007-жылдан ушул убакка чейин аталган жер тилкелерин пайдаланганы үчүн бюджетке эч кандай милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн эмес. Мындан тышкары мейманкана, ресторан, мончо жана башка имараттар максаттуу багытын өзгөртпөстөн жана уруксат документтери жок тургузулуп, туризм тармагында коммерциялык максатта колдонулган", - деп билдиришти УКМКдан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, А.И.А. кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

Колдо болгон архивдик маалыматтарга караганда, 2005-2007-жылдары облустук администрациянын башчысынын биринчи орун басары – Нарын облусунун губернатору болуп Исабек Абдыгазиев иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан