Нарында денесине 18 сантиметр арматура сайылып калган 16 жашар өспүрүмгө операция жасалды (видео)

Нарын облустук ооруканасында денесине арматура сайылып калган өспүрүмгө операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта облустук оорукананын дарыгери Жоомарт Абдыкасымов билдирди.

Анын айтымында, окуя 23-июлда болгон.

"16 жаштагы бала курулушта иштеп жүргөндө 2-кабаттан кулап, денесине арматуранын 18 сантиметри сайылып калган. Өзү тура албай ооруканага оор абалда түшкөн. Дароо операция жасадык.

Арматура чоң кан тамырларды үзүп, ички органдарын тешип, жамбаш сөөккө такалып калыптыр. Бүгүн операция болгонуна 10 күн болду. Бейтаптын абалы жакшы", - деди дарыгер.

16 жаштагы бала курулушта иштеп жүргөндө кулап кетип, денесине арматура сайылып калган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан