Париж-2024: Кыргыз балбандары саат канчада килемге чыгышат? 6-августка белгиленген график

Бүгүн, 6-августта Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында 4 кыргыз балбаны килемге чыгат.

Алардын ичинен Мээрим Жуманазарова финалда күрөшсө, Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн килемге чыгат.

Ошондой эле балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков алгачкы беттештерин өткөрүшөт.

6-августка белгиленген график:

Саат 15:00 - көңүл жубатуучу беттештер (60 килограмм, 68 килограмм салмакта);

Саат 15:30 - 1/8 финал (77 килограмм жана 97 килограмм салмакта, тагыраагы Акжол менен Үзүр чыгат);

Саат 16:50 - 77 килограмм жана 97 килограмм салмактын чейрек финалы;

Саат 22:15 - 77 килограмм жана 97 килограмм салмактын жарым финалы;

Саат 23:30 - Финалдар (60 жана 68 килограмм салмакта, тагыраагы Жоламан менен Мээримдин салмагы).

Ал эми 77 жана 97 килограмм салмактын финалдары эртең өтөт.

Көрсөтүлгөн сааттар Бишкек убактысы менен белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан