Бишкекте сегизинчи кабаттан секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган жарандын окуясы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталды.
Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, милицияга бүгүн саат 9:29дар чамасында көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан секирүүгө аракет кылып жаткан жаран тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барганда өз жанын кыюуга аракет кылган жаран 2005-жылы туулган Р.М. экендиги аныкталган.
Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.