Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевди эскерүү митинг-реквиеми өттү

Бүгүн, 6-августта Бишкек шаарында Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигине арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлады.

Ага ылайык, иш-чарага калаа мэри Айбек Жунушалиев, депутат Марат Мураталиев, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонддун жетекчисчи Байымбет Мураталиев жана райондун акими Улан Сарылбек уулу катышты.

Катышуучулар баатырдын эстелигине гүл коюп, бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.

Ардактуу кароолдон Түлөбердиевдин улуу эрдигине таазим кылган ок атылды. Шаар мэри өз сөзүндө эрдиктин жана патриоттуулуктун үлгүсү болгон баатырлардын эрдиктерин жаш муундарга сактап калуу маанилүү экенин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан