Баткендин алыскы айылы аталган Зардалыга кете турчу жалгыз унаа жолундагы тар жерлер тазаланып, кеңейтүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумуштар “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.
"Жерине тартылган атайын техникалар жана жолчулар жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 78-85-чакырым аралыгындагы бир унаа араң өтө турчу тилкелерди тазалап, кооптуу жерлерде кеңейтүү иштерин жүргүзүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.