Кыргызстанда 558 курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Кыргызстандагы 558 курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш компаниялардын лицензиясы 90 күндүк мөөнөткө убактылуу токтотулду.

"2001-жылдын 31-майындагы № 260 жобо менен бекитилген бардык 4-деңгээлдеги 558 лицензиянын баары 90 күндүк мөөнөткө токтотулган. Бул аралыкта компаниялар курулуш ишин жүргүзүүгө укуксуз. Курулуш компаниялары жаңы жобого ылайык лицензия алуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү документтерди даярдап, Мамкурулушка кайрыла алышат. 90 күн ичинде арыз түшпөсө, бул лицензиялар жокко чыгарылат", - деп жазылат маалыматта.

Лицензиясы убактылуу токтотулган компаниялардын толук тизмеси менен бул шилтемеден таанышсаңыз болот.

Белгилей кетсек, буга чейин мекеменин жетекчиси Нурдан Орунтаев өлкөдө баш-аягы 7 миңдей ишканага лицензия берилсе, анын эки миңи гана иштей тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан