Нарын облусунда тоо көлдөрүнө байкоо жана изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, облустун Жумгал районундагы Ак-Көл көлү, Кочкор районундагы Көл-Үкөк, Көл-Төр, Жогорку Көл-Үкөк, Шамшы, Бузулган-Суу жана Каракум көлдөрүнө топтолуп жаткан суунун көлөмү жана табигый тосмолордун өзгөрүүсүнө байкоо жүргүзүлдү.
Учурда көлдөрдөгү суунун көлөмү туруктуу жана табигый тосмосунан жырылып кетүү коркунучу жок экени айтылат.