Биз социалдык тармакта

Токмокто 19 жаштагы Сезим үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголду

Чүй облусунун Токмок шаарында 19 жаштагы Сезим Уланбекова изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 27-июль күнү таң эрте үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

Белгилери: бою 165 сантиметр, арыкчырай, чачы кара түстө, ак жуумал.

Кийген кийими: жынсы шым, футболка, бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.

Милиция көргөн-билгендер болсо 0312 60-73-63, 0313 86-31-02, 0701 15-35-12 (нөөмөт бөлүмү) номерлерине кайрылууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан