Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургуну SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, Шералиев көчөдөгү таштанды челектердин алынып жатканына түшүнбөй жатканын айтты.
Анын айтымында, мындай иштер 1 ай мурун башталган.
"Канча жылдан бери турган таштанды челектерди алып жатышат. Ал эми таштандыны тазалап кете тургандар 7 күндө бир келет же келбейт. Жашоочулар ар кайсы жерге ыргыткан таштандылар ысыкта жыттанып кетти. Эмне себептен алып жатышат билбейбиз", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.