Ош облусунда 29 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Ош облусунда жалпы 29 чакырым жолго асфальт төшөлүп, жумуштар планга ылайык уланып жатат. Бул туурасында бүгүн, 6-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, учурда Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ноокат-Араван-Чек-Абад, Ош-Төлөйкөн унаа жолдорунда асфальт төшөө иштери жүрүп, жумуштар дээрлик жыйынтыкталды. Ал эми Тоо-Моюн-Өсөр-Жаңы-Арча унаа жолунда жер иштери аяктап, асфальт басууга даярдыктар көрүлүүдө.

"Жумуштар Ош-Баткен-Раззаков, Гүлчө-Корул-Суук-Дөбө-Ылай-Талаа, Бишкек-Ош, Сары-Таш-Карамык унаа жолдорунда да жүрүп, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол белгилерин алмаштыруу, жол чийиндерин жаңылоо иштери уланууда", - деп кошумчаланган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан