Армения Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмдарына (ЖККУ)мүчө өлкөлөрүнүн аскерлеринин окуу-машыгууларына катышпай тургандыгын билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, иш-чара август айында Орусиянын Новосибирск шаарында болот. Ал эми Кыргызстанда сентябрга пландалган.
Ага Росгвардия, Казакстандын, Кыргызстандын улуттук гвардиясы, Беларусиянын жана Тажикстандын ИИМ кызматкерлери, атайын кызмат жана ӨКМдин куткаруучулары катышат.
Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУнун мүчөлүгүнөн баш тартууну пландап жаткандыгын айткан.