Камала Харрис Демократиялык партиядан АКШнын президенттигине расмий түрдө талапкер болду. Бул тууралуу ал Филадельфиядагы тарапташтары менен болгон жолугушууда сүйлөп жатып билдирди.
Анда Харрис Тим Уолзду вице-президенттикке талапкер кылып көрсөткөнүн чет элдик басылмалар жазышууда.
Эске салсак, 21-июлда президент Жо Байден алдыда боло турган президенттик жарыштан баш тартканын жар салып, ордуна Харристин талапкерлигин сунуштаган.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.
Республикачылардын партиясынан расмий талапкер катары мурдагы президент Доналд Трамп көрсөтүлгөн.