Казак акыны Кыргызстандын Олимп оюндарына катышып жаткан спортчуларына ыр арнады.
Бек Шымат аттуу акын социалдык тармактагы баракчасына домбра менен ырдаганын бөлүшүп: "Бир күндө эки медаль алган кыргыз туугандарыбызды куттуктайбыз", - деп жазды.
Ал ырында алдыда мелдешке чыга турган кыргыз спортчулар алтын алып, жогорку сыйга татышын тиледи.
"Кош медалың куттуу болсун, кыргыздар,
Мээрим менен Жоламандай уул-кыздар.
Бири коло, бири күмүш алып келди,
Аброюңду зоболоткон жылдыздар",
- деп ырдады казак акыны.