Баткен шаарынын борбордук стадионунун жанына бийиктиги 5 метрден ашык, салмагы 2 тоннага чукул болгон өрүктүн айкели орнотулду. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундардын демилгеси менен орнотулган инсталляция үчүн бир миллион сомдой каражат сарпталган.
Баткен облусунда 8 миң гектардан ашуун өрүк багы бар. Мындан жылына 100 миң тоннадай түшүм жыйналат. Анын 20 пайызы гана жергиликтүү ишканаларда кайра иштетилсе, 80 пайызы чет өлкөгө экспорттолот.