Ысык-Көлдүн Тоң районунда милиция кызаматкерлери толгоосу башталган кош бойлуу аялга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кажы-Сай айылында милициянын улук лейтенанты Малик Кубанычбек уулу, милициянын лейтенанты Адилет Темирканов жана милициянын ага сержанты Нурсултан Мыктыбек уулу жолдун жээгинде токтоп турган унааны көрүшкөн. Жанына барганда унаанын арткы орундугунда толготуп жаткан кош бойлуу аял жана анын жанында эркек киши болгон. Алар жакынкы төрөт үйүн таба албай жатканын, Түп районунан келген үй-бүлө экендигин айтышкан.
Кызматкерлер рация аркылуу жардам чакырып, кош бойлуу аялды төрөт үйүнө алып барышкан.
Анын аман-эсен уул төрөгөнү айтылды.
Өз кезегинде аялдын үй-бүлөсү милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.