Бишкектен унаа айдап качкан жаран "Манас" аэропортунан кармалды

Бишкектен Тойота Саксид унаасын айдап качкан белгисиз жаран "Манас" эл аралык аэропортунан кармалды. Бул туурасында бүгүн, 7-августта Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 6-августта унаа алып качкан жаран боюнча “Манас” аэропортунун кызматкерлерине багыттамалар жеткирилип, ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.
"Натыйжада Тойота Саксид унаасы аэропорттун аймагына келгендиги аныкталып, унааны айдап качкан И.И. аттуу 1993-жылы туулган жаран кармалган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө шектүү бир нече жолу соттолгондугу аныкталып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп белгиленет маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан