Балдар дарыгери ата-энелерге кайрылды

Балдарды жыл сайын флюрографиядан өткөрүп туруш керек. Бул тууралуу балдар хирургу Калыбек Мыкыев социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүп, ата-энелерге кайрылды.

Айтымында, 16 жаштагы баланын оң жак өпкөсүндө кан тамырларга жармашкан шишик табылган.

"2 жыл мурун флюрографиясында анан КТда оң жак өпкөдө, чоң кан тамырларга жармашкан шишикче табылган. Бүт жерди кыдырышып бизге акырында келишкен. 6-августта операция жасалды. Сүрөттөп жазыш өтө оор, акыры бүтүн алдык. Жандандыруу бөлүмүнөн өзү 2 кабатка болбой басып чыкты. Тубаса шишик", - деп жазды дарыгер.

Дарыгер ата-энелерди балдарын жыл сайын флюрографиядан өткөрүп турууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан